Биз жөнүндө

 

Мектептин тарыхы

Токтоболот Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш жалпы билим берүү орто мектеби жөнундө маалымат.
Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш жалпы билим берүү орто мектеби 1979 –жылы 520 окуучуга ылайыкталып курулган. Окуучулардын окуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Мектеп типтүү, 3 кабаттуу. Жалпы аянты 17593,98 кв м түзөт. Мектепте спорт зал, актовый зал, ашкана бар.
Мектеп 2016-жылы капиталдык ремонттон өткөн. Окуу процесси бир кезмет менен кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мектептин башталгыч класстарына ысык тамак уюштурулган . Мектеп электр тогу менен жылытылат. Мектепте таза суу киргизилген . Кол жуугучтар орнотулуп, суу ысытуучу аристондор иштеп турат.
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү уюмдарын аккредитациялоо жөнүндөгү 16 июнь 2017-жылындагы №188 буйругунун негизинде аккредитациядан өткөн.
Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынын кулуну, Кыргыз драматургиясынын классиги, драматург Токтоболот Абдымомуновдун 1992-жылы 70 жылдык маарекесине карата Жаңы-Алыш айылындагы мектепке анын ысымын беруу чечими кабыл алынган.Ошондон бери мектеп Токтоболот Абдымомуновдун ысымын алып журөт.

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург

ТОКТОБОЛОТ АБДЫМОМУНОВГО 100 ЖЫЛ

Токтоболот Абдумомунов – драматург, жазуучу, коомдук ишмер. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.

Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон. 1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот. Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат. Чыгармачылыгы «Кумдуу чап»,»Курман» пьесалары менен башталат.

Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган. Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан.Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген. Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган.

Драматург бул кызматты 1959-жылдан 1971-жылга чейин аркалаган. Бул орунда буга чейин Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Касымалы Баялинов, Азиз Салиев иштеп келген.

Жеке сапаттары, адамдык касиеттери.

Абдумомунов өзгөчө чечен, куюлуштуруп, угуп отургандарды муютуп сүйлөй билген киши болгон. Араздашып, бири-бирине бет карашпай калган жазуучуларды жараштырып койгон. Жаш драматургдарга, артисттерге, а түгүл режиссёрлорго да акыл-насаат айтып турган.Ысымы унутта калган жок. Абдумомунов катуу ооруга чалдыгат да, ошол оорудан улам 1989-жылы – 67 жашында каза табат. Ал улуттук драматургияда кырк жылдай талыкпай иштөө менен аны нагыз профессионалдык деңгээлге көтөргөн. Ошону менен кыргыз театр өнөрүн бийиктетүүгө да салымын кошкон. Азыр Академиялык улуттук драма театры анын ысымын алып жүрөт. Анын атында 1991-жылы драматургия жанрында мыкты чыгармаларды жазгандар үчүн эл аралык сыйлык негизделген. Бишкек шаарынын борборундагы көчөнүн бири анын ысымында.

 

 

 

Т.Абдымомунов атындагы Жаңы-Алыш жалпы билим берүү орто мектебинин проблемасы:
“Иновациялык ыкмаларды колдонуу менен окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу”.

Биз жөнүндө

 

Мектептин миссиясы:
«Коомдо атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды татыктуу тарбиялоо, сапаттуу билим берүүгө жетишүү, өз баскычтарына шайкеш келген билим алууга база түзүү менен ден-соолугу таза,шык талантын өнүктүргөн инсанды калыптандыруу»

 

 

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета